Бегалиев Жуматай: Жон-Арык айылы

This post is also available in: Орусча

Бегалиев Жуматай, 83  жашта. Талас району, Жон-Арык айылы.Илгери кыргыздарда бий, болуш эле болгон да. Бий сот сыяктуу экен, болуш болсо сельсовет, бийигирээк кызмат экен. Шайлаганга келгенде акча берип, мал берип уруш-талаш болуп шайлашчу экен. Менин эсимде айыл акаскалдары күндө эле дөңдө отурушаар эле. Ошол аксакалдар азыркы турмушту ошондо эле айтышкан. Бара-бара там салынат экен, кош айнек, кош каалга кылат экен. Айнектерине ыштан кийгизет экен дешчү. Көрсө айнектеги ыштан дегени парда экен. Печканы орус бышкан кирпичтен салат экен, кыргыз оокаттын жакшысын кечинде ичет. Кечинде тоюп алгандан кийин эшиктеринин баарын илип алып, өздөрүнүн жытына уктап, эртең менен эшиктерин ачышат деп, ушул турмуш ошондо эле айтылган экен. Ошол акскалдар күндө эле отурушчу, бир күнү орто жашап калган карыя менде бир соболум бар дейт. Менин бир бойго жеткен балам бар эле, ушуга жакшынакай кыз таап бер деп баягы билермандарга айтат. Анда билерман айтат: Эй, келесоо бул жерге сен дагы отурасың, мен дагы отурам, баарыбыз отурабыз, кечинде кайта тарап кетебиз. Анан жакшы кызды каяктан билебиз дейт. Кайра өзүнөн сурайт

– Сен келин алдың беле?

– Бир келин алгам.

– Кыз бердиң беле?

-Жок.

Эмесе ошол келиниңе дайында, келиниң төркүнүнөн табат.  Анан биз каяктан таап беребиз дейт. Чын эле ошондой болду, бир базардан кийин той жесин деп айтып калышты. Ушул окуя эсимден кетпейт, мен анда жаш бала болчумун.Менин чоң атамдын улуу баласы акем Бегалы, Беренбай анан Кубат болгон. Анан акемдин биринчи аялы Аралдан болуштун кызы экен. Кыз кезинде калыңын кесип коюшкан. Боз үй тиктирип жанына жоро-жолдош кыздары менен жатып, ошол жерден оокат ичишчү экен. Акемди бир жылда 2-3 жолу колуктуңа барып кел деп жиберип турушкан экен. Анан акем өрүк, мейиз сатып барып келип турган экен. Анан атама имиш угулуп калат, ушинтип сенин келиниңди Чүйдөн бирөөлөр алганы жатышыптыр, убадасы, сөзү бүтүп калган экен деген сөз угат. Кудаң сен бергенден эки эсе ашык калың алган экен дешет. Анан чоң атам бай киши, туугандарын чогултуп түн ичинде барат. Барса, үйүндө экен, ал убакта чай ичүү деген жок болчу, кымыз ичип тиги кудасы мал соеюн дегенде, биз сенин малыңды жеп эле жүрдүк. Кызың жаш кезинде сени менен кудалашып, калыңын берип койбодук беле. Эми бойго жетип, ала турган болуп калганда сен кызыңды башка бирөөгө бергени жатыпсың, ачыгын айт деп катуу сүйлөйт. Чындап эле ошондой болгон, ошол түнү кызды алып кетишмек экен. Кудасы кыңк-мыңк деп эшикке чыкканда чоң атам мунун үйүн өрттөгүлө, кунун мен төлөйм деп айтат. Ошондо кереге ууктарды бутка сындырып, үйдө жагылып турган отко салып, үй өрттөнүп кете жаздаган. Анан коңшулар жабылып үйүн өчүрүшүп, кайра башка үйгө киргизишип, кечирим сураган. Чындап эле имиш болгон, бирок ачык эмес деп тайсалдатып айтат. Анан тоюн ошол жерден өткөрүшүп, никесин ошол жерден кыйышкан. Илгери никени кыздын ата-энесинин үйүнөн кыйышкан. Кыздын кийинген кийимин айтпа, эки жигит колтуктап араңдан зорго атка мингизген дейт, көйнөгү узун илгери кымкаптан чапан тигишкен, ал абдан оор болот. Анан ошол киши он эки бала төрөгөн экен. Анан анда оорулар дагы көп болгон, көзүгүп кетип көп балдары чарчап калыптыр, өзү дагы көз тийгенден каза болгон экен.

Leave a Reply