Байтемиров Жумабек: Жон-Арык айылы

This post is also available in: Орусча

Байтемиров Жумабек, 75 жашта, Талас району, Жон-Арык айылы

Аксакалдар соту деген болгон. Жаман нерсени жакшылыкка жоруп, эл башкарып турушкан. Аксакалдар соту деген бул коомдук иш. Мен ушул жерде аксакалдар сотунун төрагасы болуп иштейм. Үй-бүлө чатактары болсо, аларды элдештирип, тыйып койгон. Айылдарда ар кандай майда-барат иштер менен урушуп кетишет, анан аларды туура калыстык менен чечип коем. Эгер уурулук кылса өзүнүн жазасын беребиз. Мурун аксакалдар соту аябай күчтүү болчу. Азыр деле күчтүү, бирок мурункудан азыраак, азыр сотко кайрылып жатышпайбы. Илгери уруу-уруу болуп урушуп кетсе,  айыл аксакалдары эле биргелешип туруп, маселени чечип берип койгон. Бизде ажырашуу боюнча көп иштер каралат, ошолордун баарын калыстык менен эле чечип берип жатабыз.

Leave a Reply